• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жол кайгуул кызматы: Мас айдоочулардын саны 39 пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Ушул жылдын 11нен 17-мартына чейинки аралыкта өлкө боюнча 17 миң 775 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын бир жумасына салыштырганда 12 пайызга жол эрежелеринин бузуулары азайгандыгы байкалган.

Бул укук бузуулардын ичинен:

- автоунаа каражаттарын докумменттери жок башкаргандардын саны 6 пайызга азайган;

- ылдамдыкты ашырып айдагандардын саны 14 пайызга азайган;

- мас абалында унаа айдагандардын саны 39 пайызга азайган;

- автоээнбаштык кылгандардын саны 86 пайызга азайган.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 8-мартынан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерде айып пулдар көтөрүлүп, ичип алгандарга карата катаал чаралар киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий