• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жол кире тарифи. Бишкекте беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 2,5 эсе азайган

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 2,5 эсе азайган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдан бери (ал жылды кошкондо) борбор калаада коомдук транспорттордун саны азайганы байкалууда.

“Беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 4 миң 136дан 1 миң 590го чейин азайган, ал эми автобус 94төн 87ге чейин түшсө, троллейбус тескерисинче, 103төн 130га чыкты. Анткени троллейбустарды оңдоп линияга чыгардык. Жол кире тарифинин жогорулашынын бирден бир себеби ушул болду”, - дейт ал.

Жунушалиев “Эко Пассажирские Перевозки” компаиясы менен келишим түзүлүп, 210го чейин автобус алынганына токтолду.

“Бирок алардын 80-90у гана рейске чыгууда. Айдоочулардын таңкыстыгынан автобустар токтоп турат”, - деп айтат мэр.

Шаар башчысы Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы менен 33 млн евролук долбоор иштелип жатканын белгилейт.

“Эгер долбоор ратификациядан өтсө, анда газ менен жүрүүчү 250-300 автобус алганга шарт түзүлөт. Ошондой эле 50 млн долларлык долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Анда электравтобустарды алуу каралган”, - деп маалымдады Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий