• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жол куруучулардын орточо айлыгы 8-10 миң сомду түзөт – Жол чарба департаменти

Коом 0


Бишкек, 30.05.19 /Кабар/. Жол куруучулардын орточо айлыгы болгону 8-10 миң сомду түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жол чарба департаментинин директору Шабдан Иманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, ошондуктан Ош жана Чүй облусундагы эки жол ишканасын өзүн-өзү каржылоого өткөрүү пландалууда.

"Эмнеге бул эки облус? Анткени, аталган облустарда калк көп жана ал жакта мамлекеттик маанидеги жолдор бар. Ишкана өздөрү эсептеп, жолдорду салат. Ошентип кызматкерлердин айлык акысын көтөрүп, тажрыйбалуу адистерди тарта алышат. Тажрыйбалуу адистер аз айлыкка иштебейт, ошондуктан аларга өздөрү иштегенге мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз. Маянасы жогору болсо куруучулар да жакшы иштеп, сапаттуу жолдорду салышат. Аталган демилге ишке кирсе, анда кызматкерлердин айлыгы 40-50 миң сомго чейин жогорулайт деп болжолдоп жатабыз, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий