• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жол курууга сатылып алынган техниканын бир бөлүгү Кыргызстанга майда келет

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Жол курууга сатылып алынган техниканын бир бөлүгү Кыргызстанга майда келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына таянсак, 2023-жылы жолдорду куруу, оңдоо, тазалоо жана транспорт-жол тармагына зарыл болгон башка 669 даана атайын техника сатып алынат.

"Президент Садыр Жапаров кайсы гана тармак болбосун, керек болгон техникаларды жаңылоо тапшырмасын коюп, бул багытта иш кызуу жүрүп жатат. Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгында мамлекеттин бюджетинен каржыланып техникалар алынган учурлар аз эле болгон, анда дагы аз сандагы техникалар", дейт Орунбеков.

Ал Транспорт министрлигинин балансында 1500дүн тегерегинде техника бар экендигин, бирок анын көпчүлүгү иштен чыккандыгын айтты.

"Пайдаланып жаткан атайын техникалардын айрымдары 1985-жылдары алынып, кызмат көрсөтүү мөөнөтү эбак эле өтүп кеткенине карабай улам оңдоп колдонуп келишет. Учурда мамлекеттин экономикасы оңолуп, жаңы техникаларды сатып алганга кубаты жетти. Бул жылга алына турган 669 техниканын 265 даанасы май айында Кыргызстанга келип, пайдаланууга берилет. Бул үчүн мамлекет 686 миллион сомдон ашык акча каражатын которуп берди.

Керектүү техникаларды сатып алуу муну менен эле чектелбейт. Муктаждыкка жараша зарыл техникаларды сатып алууга мамлекеттин шарты бар", - деди Дайырбек Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий