• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган. Ал коррупциялык факторлорду жоюу жана жарандардын жана юридикалык жактардын автотранспорттук каражаттарын өз убагында (алгачкы) каттоо (кайра каттоо) жоопкерчилигин көтөрүү максатында иштелип чыкты.

Бажы тосмолорунда автотранспорттук каражаттарды каттатуу узак убакытты талап кылгандыктан, ошондой эле КРнын айрым региондорунун алыстыгынан автотранспорт каражаттарын өз убагында каттоодо жана кайра каттоодо көйгөйлөр пайда болгондуктан, калк арасында нааразычылык көп туулуп жатат. Ушуга байланыштуу, КРда транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо системасын (кайра каттоону) жакшыртууну камсыз кылуу үчүн "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын 24-беренесине толуктоо киргизилди.

Тактап айтканда автотранспортторду каттоо мөөнөтүн "10 жумушчу күн" деп узартууну караган өзгөртүү киргизилди. Мындан тышкары КРда бирден-бир милдеттүү түрдө каттала (кайра каттоо) турган автоунаа каражаттарынын түрүнө квадрациклдер жана трициклдер дагы киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Пикир

Оставить комментарий