• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жол кыймылын "иретсиз" көзөмөлдөгөн МАИ кызматкери айдоочуларды нааразы кылды

Коом 0

Бишкек, 09.03.19. /Кабар/. Жол кыймылын "иретсиз" көзөмөлдөгөн МАИ кызматкери боюнча окуя териштирилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер өзүнүн кыймыл-аракеттери менен айдоочуларды адаштырып, жол кыймылын "иретсиз" башкарып жаткан видеосу тараган.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, ал факты боюнча териштирүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий