• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлердин транспорт салыгын, камсыздандыруу полисин текшерүүгө укугу жок

Коом 0


Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Жол коопсуздугун камсыз кылган кызмат адамдары функцияларына туура келбеген бир катар милдеттерди аткаруудан бошотулду. Өкмөт тиешелүү токтом кабыл алган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, бул чечим инспекторлорду функцияларына туура келбеген бир катар милдеттерди аткаруудан бошотуу үчүн кабыл алынган.

"Документке ылайык, Жол кыймылынын эрежесиндеги 2.1.1. пунктунда өзгөрүү киргизилген. Айдоочу текшерүү жүрүп жатканда милиция кызматкерлерине V топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти, транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү эмес", - деп билдирди Сатыбалдиев.

Ал белгилегендей, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин да көрсөтүүгө укуктуу эмес.

"Ошондой эле, 8.5 пунктун биринчи абзацында айтылгандай айдоочу солго, оңго же артка бурулганда сөзсүз алдын ала жолдун тиешелүү четки тилкесинде турушу керек. Качан гана айланма жолго кирээрде айдоочу ал жолдо жүрүп жаткан унааларга биринчи жол бериш керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий