• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 32,5 млн сомго 40 унаа сатып алат

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 40 кайгуул унаасын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында айтылгандай, унаа сатып алууга 32 млн 560 миң сом каралган. Сынактык арыздар 10-мартка чейин кабыл алынат.

Сатылып алына турган унаа 5 орундуу, сол рулдуу, ак түстө болуп, бензин менен жүрүшү керек. Кепилдик мөөнөтү – 3 жыл.

Пикир

Оставить комментарий