• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жол кыймылын жөнгө салууда эреже бузган инспектор кызматтан алынды

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Жол кыймылын жөнгө салууда эреже бузган инспектор кызматтан алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, инспектор Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагында, Чүй проспектиси менен Кулиев көчөcүнүн кесилишинде өзүнүн кыймыл аракеттери менен айдоочуларды адаштырып, тескерисинче эреже бузгандагы видеосу интернетте тараган. Окуядан кийин атайын териштирүү иштери жүргүзүлүп, инспектор кызматынан алынган.

Андан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктын төрт жетекчиси ички түзүмдүн билимине жана адистик даярдыгына толук кандуу көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн тартиптик жазага тартылган.

Пикир

Оставить комментарий