• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында жылдын мыктылары тандалды

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында 2021-жылдын жылдын мыкты кызматкерлери тандалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Өзүнүн кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө зор салым кошкондугу үчүн 2021-жылдын ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү боюнча өткөзүлгөн “Кесиби боюнча мыкты” сынагынын жыйынтыгынын негизинде төмөнкү кызматкерлер татыктуу болушту.

- Жылдызбек Дүшебаев “ИИМдин ЖКККББнын борбордук аппаратынын мыкты кызматкери” болду;

- Абай Нурмухамедов “ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын мыкты кызматкери” болду;

- Өмүрзак Кадырбеков “ИИМдин ЖКККББнын Ош ШИИБы боюнча МККБнүн мыкты кызматкери” болду;

- Азим Асанов “ИИМдин ЖКККББнын Чуй облустук ИИББы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери” болду;

- Алмаз Бекболотов “ИИМдин ЖКККББнын Ош облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери” болду;

- Шухратжон Кошоков “ИИМдин ЖКККББнын Баткен облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери” болду;

- Мойдунбек Абдырахманов “ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери” болду;

- Нурсултан Мурзабеков “ИИМдин ЖКККББнын Нарын облустук ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери” болду;

- Ажибай Асанбеков “ИИМдин ЖКККББнын Талас облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери” болду;

- Амангелди Акунов “ИИМдин ЖКККББнын Ысык-Көл облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери” болду.

Пикир

Оставить комментарий