• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө республиканын жолдорундагы авариялуулуктун абалы жана КРда 2018-2019-жылдарга карата жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары каралды.

Белгилегендей, республиканын дээрлик бардык аймактарында, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылган участоктордон тышкары жерлерде жол кырсыктарынын санынын өсүүсү байкалууда.

Комиссиянын мүчөлөрү жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды толук кандуу жана өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилешти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков аталган маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери Иш-чаралар планын аткаруу жана жолдордогу авариялуулуктун абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартышарын баса көрсөттү.

Мындан тышкары Комиссиянын жыйынында жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айыппулдардын айрым түрлөрүн өзгөртүүнүн максаттуулугу жөнүндө маселе каралды.

Анын ичинде Комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 1231-беренесинде каралган, анын ичинде көрсөтүлгөн берененин 1-бөлүгү боюнча 1-категорияга (1000 сом) чейинки бузуулардун айрым түрлөрү үчүн айыппулдардын өлчөмүн азайтуунун максаттуулугу жөнүндө сунушуна макул болушту.

Ошону менен бирге Комиссия мүчөлөрү Жоруктар жөнүндө кодекстин алкагында мас абалында унаа каражатын башкаруу үчүн жоопкерчиликти белгилөөнүн максаттуу экендиги жөнүндө чечим кабыл алышты.

Бузуулар жөнүндө кодекс менен белгиленген 17 500 сом өлчөмүндөгү айыппул түрүндөгү жоопкерчилик алдын алуу натыйжасын көрсөттү, анын натыйжасында мас абалында жол кырсыктарына учуроонун саны кыскарып, ал эми аталган категорияда катталган бузуулардын саны жарым жылдын жыйынтыгы боюнча үч эсеге азайган жана 2 211 фактыны түзгөн (2018-жылдын ушул мезгилинде 5 911 учур).

Жыйында республиканын унаа жолдорун паспорттоштуруу, автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле авариялык-кооптуу жол тилкелерин жоюу зарылдыгы маселелери козголду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий