• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жол кырсыгы: Чычкан суусуна түшкөн экинчи жүргүнчү табылды (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экинчи адамдын жансыз денеси саат 12:00дө табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алты адамТоктогул райондук ооруканасына жеткирилген, экөө болсо дайынсыз жоголгон.

Мындан бир аз убакыт мурда жоголгондордун бири унаанын ичинен табылган.

Пикир

Оставить комментарий