• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жол кырсыгы көбөйүүдө. Кайгуул кызматы айдоочуларга бир катар эрежелерди эскертти

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн айдоочуларга бир катар эрежелерди так сактоого чакырат.

Аталган кызматтан билдиришкендей, айдоочулар төмөнкү эрежелерди аткарышы керек:

- Авто унаага отурганда сөзсүз коопсуздук курун тагынуу зарыл;

- Авто унааны башкаруу учурунда башка нерсеге алагды болуп же чөнтөк телефонду колдонууга тыюу салынат;

- Мас абалында авто унаа башкаруу көптөгөн кырсыктардын жана кылмыштардын башталышы экендигин унутпаңыз;

- Аралыкты сактаңыз;

- Ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;

- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдабоо зарыл;

- Эң негизгиси унаага отурарда унаанын техникалык абалына көңүл бурганыңыз оң.

Пикир

Оставить комментарий