• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жол кырсыгына кабылган Аргынбек Малабаевдин учурдагы абалы айтылды

Ден соолук 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, мурдагы министрдин баш мээси чайкалып, кабыргалары сынып, көкүрөгүнөн жаракат алган.

"Азырынча Малабаев жандандыруу бөлүмүндө жатат. Текшерүү жүргүзүп жатабыз. Азырынча эч кандай операция жасалган жок. Ал эсинде. Эртең аны палатага которушубуз мүмкүн", - деди Кубатбеков.

Эскерте кетсек, Сокулук районунда 27-январда болжол менен саат 18:00дө Белогорка капчыгайында жол кырсыгы катталган. "Тойота Ленд Крузер" үлгүсүндөгү жеңил унаа тоо жакка бара жатып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 4 жүргүнчү болгон.

Айдоочу жеринде каза болгон, алдын ала маалыматка ылайык, ал рулду башкара албай калган.

Жабыркагандардын арасында мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев болгон.

Пикир

Оставить комментарий