• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жол кырсыгына кабылган Орзубек Назаровдун кызы комадан чыкты

Коом 0

Бишкек, 31.08.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Белгилүү боксчу, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Орзубек Назаровдун жол кырсыгына учураган кызы комадан чыкты. Ал мындай маалыматты өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.

“Достор, биз бүгүн жылмайдык! Биздин кызыбыз комадан чыкты! Колдоп, дуба кылгандардын баарына рахмат. Эми өзүнө келүү үчүн узак жол. Туулган күнгө эң жакшы белек”,-деп жазган Назаров.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18нен 19-августка караган түнү Бишкектеги Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан белгилүү спортчунун 17 жаштагы кызы жабыркаган. Жол кырсыгында Suzuki үлгүсүндөгү мотоцикл менен Toyota Passo унаасы кагылыша кеткен.

Пикир

Оставить комментарий