• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жол кырсыгына катышы бар делген эки милиционер кызматынан четтетилди

Коом 0

Бишкек, 11.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектин борборундагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына катышы бар делген эки милиция кызматкери кызматынан четтетилди.

Бишкек ШИИБ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча бул кырсыкты териштирүүнүн жыйынтыгында милицонерлердин иши прокуратурага берилген. Алардын мындан аркы тагдыры боюнча чечим белгисиз. “Балким, алар башка ишке которулат. Бирок, аларды эмне күтөрү азырынча белгисиз”, -дешти ШИИБден.

Эске сала кетсек, 18нен 19-сентябрга караган түнү Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде Suzuki мотоцикли менен Toyota Passo унаасы кагышкан. Натыйжада мотоциклдин 21 жаштагы айдоочусу жеринде каза болуп, аны менен бирге бара жаткан 17 жаштагы кыз (боксчу Орзубек Назаровдун кызы) комага түшүп калган. Жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай жарааттары менен ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк ооруканадан унаанын айдоочусу көз жумган.

Бул тууралуу милициянын маалыматында жогорку ылдамдыктагы мотоциклди байкаган патрулдук милиция анын аркасынан түшкөнү айтылат. Күбөлөр да мотоциклдин артынан патрулдук милиция кууп бара жатканын көргөндүктөрүн айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий