• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жол кырсыгынан 10 айдын ичинде дээрлик 700 адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 09. 11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылдын 10 айында Кыргызстан боюнча дээрлик 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, натыйжада 700дөй адам каза болгон. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтылды.

КР ИИМ патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү 10 айдын ичинде өлкө боюнча дээрлик 5 миң 197 жол кырсыгы катталган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,3% көп.

Саркулов кошумчалагандай, жабыркагандардын саны 7 миң 839 адам былтыркы жылы 7 миң 360га чейин түшкөн - айырма 6,5%.

“Жол кырсыгынын башкы себеби жалпы көрсөткүчтүн 3,8% ылдамдыкты жогорулаткандан келип чыкса, 20% жол эрежесин бузуу, 14,4% карама каршы тилкеге чыгып, кууп өтүү, 8,6% унааны мас абалында башкарып бара жаткандар”,-деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий