• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жол кырсыгынан 4 адам каза болуп, бирөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек,07.11.17/Кабар/. Аламүдүн районунда жол кырсыгынан 4 адам каза болуп, бирөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 6-ноябрда болжол менен саат 20:20 чамасында катталган. "Чүй облусунун Аламүдүн районунда Пригородное жана Достук айылдарынын ортосунда жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 1 адам жабыркап (№1 шаардык ооруканага жеткирилген) 4 адам каза болгон (№1 жана №4 шаардык ооруканалардын өлүк сактоочу жайына жеткирилген). Жабыркаган жана каза болгондордун аты-жөнү такталууда",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий