• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, натыйжада, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кырсык 7-июнда 22:00 чамасында 281-чакырымында болгон. Volkswagen Golf жана Honda Odyssey унаалары сүзүшкөн. Унаанын биринин айдоочусу жана салондогу 3 адам Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.

ӨКМ Honda Odyssey айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткенин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий