• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жол кырсыгынан эки адам жабыркап, бир адам унаанын ичинде кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.17. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда Жалал-Абад шаарында эки унаа кагылышкан,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен таңкы саат 05:47 чамасында Кыргыз Республикасы көчөсүндө катталган.

“Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышкан. “Митсубиси” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол жээгинде турган “Жигули” үлгүсүндөгу унааны барып сүзгөн. Биринчи унаанын ичинде бир адам кыпчылып калган, аны куткаруучулар чыгарышкан. Экинчи унаанын ичиндеги эки адам жаракат алышып, аларды тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда жабыркагандардын өздүгү такталууда”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий