• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жол кырсыгынан жабыркаган КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков бардык колдоочуларга ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 7-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жол кырсыгынан жабыркаган Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору И.Карыпбеков бардык колдоочуларга ыраазычылык билдирди.

Ыраазычылык сөзүн И.Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

“Досторум, кесиптештерим, жакындарым, колдоочуларым!

Чын журогумдон ыраазычылыгымды билдирем! Сиздердин жардам, колдоонуздар менен денсоолугум калыбына келүүдө! Биздин алтын доктурларыбыз мүмкүн болбогон нерселерди кылып жатышат!

Айымдарыбызды майрамыныздар менен куттуктайм! Саламаттуу болунуздар!”, -деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Илим Карыпбеков 1-мартта жол кырсыгына кабылып, оор жабыркаган. Дарыгерлердин акыркы маалыматы боюнча, учурда анын абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий