• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол кырсыгынан жабыркагандардын өмүрүн сактап калган жаран ӨКМ тарабынан сыйланды (сүрөт)

Коом 0

26-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында болгон жол кырсыгы учурунда адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам бергендиги үчүн КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен 32 жаштагы Данияр Дыйканбаев сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Д.Дыйканбаев Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында жайгашкан “Ак-Суу” кафесинде иштейт. Кырсык болгон түнү, 26-июль күнү саат 03:00 чамасында жол кырсыгы болгон жерге барып, жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүп, автоунаасы менен Токтогул райондук ооруканасына алып барган.

“Кырсык болгон күнү, түнкү саат 03:00 чамасында мен уктап жатканмын. Апам үйгө кирип, жол кырсыгы болгондугун айтар замат жардам берели деп инилерим менен дарыянын жээгине түштүк. Суунун ортосунда турган машинанын ичинде жардам сурап турган адамдарды көрүп, иним экөөбүз сууну кечип барып, адамдарды суунун жээгине алып өтүп, автоунаага салып, ооруканага жөнөдүк” - деп билдирген Д. Дыйканбаев.

КРнын ӨКМнин Токтогул районундук бөлүмүнүн кызматкерлери “Ардак граммотаны” тапшыруу үчүн барган учурда Данияр Дыйканбаев Бишкек шаарында болгондугуна байланыштуу апасы Уркуя Дыйканбаевага ыраазычылык билдиришип, сыйлыкты тапшырып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий