• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол кырсыгындагы жаңжалдан улам “Кыргызаэронавигациянын” жетекчисинин орун басары каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. “Кыргызаэронавигациянын" жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгынан кийинки жаңжалда каза болгон. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине Бишкек ШИИБнен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, күн мурун Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар кагылышкан. Алардын биринде “Кыргызаэронавигациянын" жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев болгон.

Жол кырсык болгон жерде кырсыктын катышуучулары ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында Жакыпбаев жыгылып түшкөндө башы менен катуу жолдун четиндеги бордюрга тийип, каза болгон.

Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий