• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жол кырсыгынын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Жол кырсыгынын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыктын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаадагы 3 адамдын ичинен 2 адам (64 жаштагы эркек киши жана 4 жашар жаш бала) сууга чөгүп кеткен.

Кечээ, 17-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 19 куткаруучу тартылып, саат 16:00дө эркек кишинин сөөгүн суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Бүгүн, 18-сентябрда баланы издөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий