• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жол кырсыгынын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Жол кырсыгынын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунда Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) жол кырсыгынын кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 4 жашар бала сууга чөгүп кеткен.

Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык берген эмес.

27-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында куткаруучулары тартылган, натыйжасында саат 16:40 чамасында куткаруучулар баланын сөөгү таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий