• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жол кырсыктарынын 83%на айдоочулар күнөөлүү

Коом 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Кыргызстанда жол кырсыктарынын 83%ы айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Алардын негизги себептери жогорку ылдамдыкта айдоо, ыкмага салуу эрежелерин бузуу, каршы тилкеге чыгуу жана мас абалында унаа башкаруу болуп саналат. Бул тууралуу ИИМ башчысы Улан Исраилов билдирди.

Жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулардын билип туруп жол кыймылынын эрежелерин бузууларына жана алардын даярдык деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу, - деп билдирди Исраилов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Комиссиянын жыйынында.

ИИМ башчысынын айтымында, 2017-жылдын 11 айында жол кырсыктарында каза тапкандардын санынын 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3%га кыскарышында република боюнча жол кырсыктарынын жалпы саны 9,9%га өскөн.

Мындан тышкары министр үстүбүздөгү жылдын 11 айында бир жылга чейинки стажы бар айдоочулардын айынан республика боюнча 335 жол кырсыгы катталган.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн алдында сүйлөгөн премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн жарандары менен жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ортосундагы мамиле дыкат жөнгө салынышы керектигин айтты.

“Кайра түзүлгөн ЖКККББ кзыматкерлери өлкөнүн жолдорунда кызмат өтөөдө бийликтин өкүлдөрү болуп саналышат жана так милдеттерди аткарышат. Буга байланыштуу өлкө жарандары аларга тиешелүү түрдө мамиле кылуулары зарыл. Жарандар менен ЖКККББ кызматкерлери өз укуктарын так билип, бири бирине сый мамиле кылуулары кажет”, -деди Исаков.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл башынан бери 5 миң 200дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 800дөн ашык адам каза болуп, 7 миң 360дан көбү жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий