• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жол тармагын камсыздоого жыл башынан бери 1,8 млрд сом кеткен

Өкмөт 0

Бишкек, 21-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жол тармагын каржылоого жыл башынан бери 1 млрд 802,6 млн сом корогон. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигиндеги биринчи жарым жылдыкта аткарылган жумуштар боюнча өткөн коллегиясында белгилүү болду.

Маалым болгондой, 2017-жылы жол чарба департаментинин жалпы бюджети 4 млрд 526,9 млн сомду түзгөн.

Биринчи жарым жылдыкта жалпы жол тармагын каржылоого 1 млрд 802,6 млн сом же 40% каражат сарпталган.

Жол чарба департаменти тарабынан 1 млрд 456,8 млн сомдук жумуш аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий