• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жол тармагына 1996-жылдан бери 1,5 млрд доллардан ашык сарпталган

Өкмөт 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Эл аралык унаа жолдорду жакшыртуу, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндөгү приоритеттүү багыттардын бири катары аймактык байланышты күчөтүп, эл аралык транзиттик каттамды бекемдөө менен бизнести өнүктүрөт. Муну менен кошумча жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 29-майда, Бишкек шаарында өткөн «Кыргызстандын жолдорунда жаңы технологияларды киргизүү» боюнча илимий практикалык-жыйында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр жол коопсуздугун камсыз кылуу жана бардык аймактарда жол кырсыктарын азайтуу үчүн жаңы технологияларды жана заманбап материалдарды пайдалануу - Транспорт жана жолдор министрлигинин приоритеттүү багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

«Биздин өлкөнүн экономикасын жаңы технологияларды колдонуу менен курулган эл аралык жолдорсуз элестетүү кыйын. Жол тармагын жакшыртууга 1996-жылдан баштап 1,5 млрд АКШ долларынан ашык каражат сарпталган. Ош-Сарыташ-Эркечтам жана Сарыташ-Карамык жолдорун толук курулду. Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана жана Талас-Тараз-Сусамыр менен Тундүк-Түштүк альтернативдик жолдорунун курулушу уланууда»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр Өкмөт жолдордун сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди дайыма колдой турганын баса белгилеп, транспорт жана жолдор министрлиги жыйынга келген эл аралык жолчулар менен тажрыйба алмашып, тармактагы көйгөйлөрдү чечүү багытанда бир топ иш аракеттерди жүргүзөрүнө ишеним артты.

Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, КМШ өлкөлөрүнүн жолчулар Өкмөттөр аралык кеңешинин өкүлдөрү, Thomas Falvo Европа асфальт ассоциациясынын техникалык комитети (Германия), «PR Industry» Франция компаниясы, «Нефти химиялык кайра иштетүү институту» (Башкортостан) жана башка мамлекеттери жол тармагынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий