• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтиришкен

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын №30 жол тейлөө мекемесинин учурдагы жетекчисинин аталган ишкананын мурдагы жетекчилигине карата жазган арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлдү.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда белгиленген мекеменин мурдагы жетекчилиги тарабынан 2020-жыл ичинде мамлекетке жалпысынан 3 млн 932 миң 769 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Тактап айтканда, жолду тейлөө максатында тендер аркылуу сатылып алынган 114 тонна битум, 150 даана жол белгилери жана башка баалуу материалдар иш жүзүндө жок болуп чыккан.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши колголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий