• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына татыды

Спорт 0

Бишкек, 09.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал алгач белорустук Максим Кажарскиге каршы килем үстүнө чыгып, аны 2:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалдык беттеште грузиялык балбан Ираклий Дзимистаришвилинин далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Кыргызстандык балбан жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедовго караганда өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөттү. Атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Нет описания.

Алтын үчүн кармашта мекендешибиз молдовалык Виктор Чобануга 3:9 эсебинде упайды алдырып, күмүш медалга татыды.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий