• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жоламан Шаршенбеков дүйнөдөгү мыкты балбандардын арасында экинчи орунда турат

Спорт 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнөдөгү балбандардын арасында экинчи орунда турат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтындагы жаңыланган рейтингинде көрсөтүлгөн.

Кыргызстандык спортчу 55 килограммга чейинки салмакта экинчи болгон (40 упай). Өткөн жылдын ноябрында ал үчүнчү орунда турган. Ал эми бул тизменин сап башында азербайжандык Азизли Элдеңиз турат (60 упай). Үчүнчү орунга Экрем Өзтүрк жайгашкан (37 упай).

Ал эми Атабек Азизбеков мурдагы үчүнчү орунунан алтынчы орунга түшкөн.

Белгилей кетсек, Шаршенбеков 2018-жылдагы дүйнө биринчилигинин күмүш медалын уткан.

Пикир

Оставить комментарий