• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Спорт 0


Бишкек, 04.11.19 /Кабар/. Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жаштар арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.

Турнир кечээ Будапештте (Венгрия) жыйынтыкталган.

Кыргызстандык балбан 60 кг чейинки салмак категориясында кармашка чыккан. Афганистандык Аскар Ализаданы, россиялык Артур Петросянды, кытайлык Лиго Цаону, украиналык Жора Абовянды жеңген. Финалдык беттеште армениялык Армен Меликян менен беттешип, жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий