• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жоламан Шаршенбеков Казакстандагы квалификациялык мелдеште алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 09.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Олимпиадага жолдомо бере турган Азия квалификациялык мелдеште алтын утту.

Мелдеш 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Шаршенбеков турнирдин чейрек финалынан тарта күч сынашты. Анын алгачкы атаандашы кореялык Ханжи Чанг болду. Аны 6:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Жарым финалда кыргызстандык балбан Индиядан келген Гянендер Гянендерди 6:1 эсебинде артта калтырды.

Ал эми алтын үчүн күрөштө Жоламан Шаршенбеков кытайлык Сайлик Валиханды 4:3 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий