• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жоламан Шаршенбеков секириги боюнча: Чемпион болсом сальто жасайм деп көптөн бери ойлонуп жүргөм

Спорт 0

Бишкек, 28.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков мелдештин финалында алтын уткандан кийинки сальтосу тууралуу айтып берди.

“Кичинекей кезимден баштап сальтого жакынмын. Артка айланып секиргенди жакшы көрөм, өзүм дагы ага жакынмын. Чемпион болсом сальто жасайм деп көптөн бери ойлонуп жүргөм. Оюм ишке ашты”, - дейт балбан.

Нет описания.

Шаршенбеков буга чейинки Азия мелдештеринде эки жолу тең финалга чыгып, утулуп калганын кошумчалады.

“Мага сабак болду. Көптөгөн машыгуулардын аркасында жеңишке жетип отурам”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий