• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жоламан жана Эрназар Москвадагы эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 15.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Эрназар Акматалиев Москвадагы эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу аталган мелдештин сайтында айтылат.

Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын экинчи этабы (PWL-2) 13-14-октябрда Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өттү. Мелдеш рейтингдик жана дүйнөлүк серияларга бөлүнүп, балбандар бири-бири менен күчүн сынашты.

Дүйнөлүк сериянын грек-рим күрөшүнүн 60 кг салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон россиялык Анвар Аллахьяров менен күрөштү. Шаршенбеков 3:6 эсебинде утулуп жатып, аягында 9:6 эсебинде атаандашын артта калтырды.

Ошондой эле 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев PWL лигасынын мурунку чемпиону россиялык Иналбек Шериев менен килемге чыкты. Бул кармашта да кыргыз балбаны 0:6 эсебинде утулуп жатып, жыйынтыгында 8:6 эсебинде жеңишти илип кетти.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков (60 кг) грек-рим күрөшү боюнча дүйнө жана Азиянын чемпиону, ал эми Эрназар Акматалиев (70 кг) дүйнө жана Азия чемпионатынын күмүш байге ээси болгон.

Иван Поддубныйдын балбандар лигасы ушул жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи этабы “ЦСКА” футболдук клубдун машыгуу аянтачында болгон. Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Пикир

Оставить комментарий