• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жолчубеков жана Аматов дүйнөнүн эң мыкты балбандары аталышты

Спорт 0

Бишкек, 04.08.18 /Кабар/. Каныбек Жолчубеков жана Урмат Аматов дүйнөнүн грек-рим күрөшү боюнча балбандарынын рейтингинде биринчи орундарга ээ болушту. Жаңы рейтинг эл аралык турнирлердин жыйынтыгы боюнча түзүлүп, United World Wrestling сайтында жарыяланган.

Каныбек Жолчубеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында 50 балл менен лидер аталган.

Урмат Аматов 41 балл менен 63 килограммга чейинки салмак категориясында биринчи орунду алган.

Ал эми ушул эле салмактагы Калы Сулайманов 28 упай менен 3-орунду ээлеген.

Ошондой эле 82 килограммга чейинки салмак категориясында Атабек Азисбеков экинчи орунду, 130 килограммдан жогорку салмак категориясында Мурат Рамонов 6-орунду, Жоламан Шаршенбеков 55 килограмм салмакка чейинки категорияда 9-орунду алган.

Акжол Махмудов 72 килограммга чейинки салмак категориясында 11-орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий