• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы борбордун 10 көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин аяктады

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пландык капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда объектилердин көпчүлүк бөлүгүндө курулуш иштери жыйынтыкталууда.

«Азыркы учурда Пушкин көчөсү Павлов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин, Бобоулов көчөсү Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейин, Үсөнбаев көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Күрөңкеев көчөсүнө чейин жана Ж.Пудовкин көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Сухэ Батор көчөсүнө чейинки бөлүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

8-сентябрга карата шаардын 10 көчөсүндө: Белорус, Осмонов, Аэропорт, Муса Жалил, Аул, Көкчөтай, Түлөбердиев, Тыныстанов, Ашхабад жана Краснодонцев көчөлөрүндө оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Бишкек мэриясы жолдорду, веложолдорду жана тротуарларды оңдоо меселелери боюнча «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына 0555 888 161 номери аркылуу кайрылууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий