• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жолдоштук беттеш: Россиянын курамасы Бишкекке учуп келди — сүрөт

Спорт 0


Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Кечээ, 22-сентябрда Россиянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россиянын курамасы Кыргызстандын “Ак шумкар” улуттук курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн 24-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Онлайн билеттерди iticket.kg расмий сайтынан алса болот.

Билет баасы:
- Чыгыш трибунасы: 350 (700) сом;
- Батыш трибунасы: 500 (1000) сом.

Оффлайн билеттерди сатуу пункттары: (10:00дөн 22:00гө чейин)

- Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында;
- "Дордой Плаза 2" соода борборунда;
- ”Vefa” соода борборунда;
- "Космопарк" соода борборунда

Пикир

Оставить комментарий