• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жолдошу менен уруша кеткен келин уксус ичип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Кадамжай шаарында 27-октябрда 20 жаштагы келин күйөөсү менен уруша кетип өзүн өзү өлтүргөн. Бул тууралуу Баткен ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен күндүзгү 15:00 чамасында Кадамжай шаарындагы Северная көчөсүндөгү №4 үйдө 31 жаштагы күйөөсү Н.С. менен 20 жаштагы аялынын ортосунда чатак болгон. Андан соң келин уксус ичип алып, жергиликтүү Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер аны куткара алышпай, ал ооруканадан көз жумган.

Бул факты боюнча КР КК 102-беренесинин 2-бөлүгү (өзүн өзү өлтүрүүгө жеткизүү) кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий