• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жолдошу тарабынан ур-токмокко кабылган аял милицияга кайрылды — сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Жолдошу тарабынан ур-токмокко кабылган аял милицияга кайрылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, зомбулукка кабылган Б.Ф. аттуу аял милицияга кайрылып, жолдошу аны сабагынын билдирген.

Арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Мындан сырткары, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий