• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жана Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 29-декабрында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгын белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театры жана Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ж. Бөкөнбаевдин жана Т. Адышеванын чыгармаларынан композициясын даярдап, концерт берди.

Салтанатка маданият министри Нуржигит Кадырбеков, президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов коомдук жана маданий ишмерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий