• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жоопкерчиликти администрация тартат! Соода борборлор жана базарлар үчүн талаптар

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. 21-майдан тарта соода борборлор жана базарлар иштейт баштайт. Республикалык штабдан кабарлашкандай, алар үчүн атайын талаптар каралган.

Алсак;

- Соода борборлорунун, дүкөндөрдүн администрациясы жарандардын дене табын ченөөсү жана келгендер үчүн 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоону камсыз кылышы керек. Соода түйүндөрү байланышта болбогон термометр жана антисептикалык каражаттар менен жабдылууга тийиш.

- Базарлардын администрациясы келгендердин социалдык аралыгы 1,5-2 метр сакталышын камсыз кылышы керек. Ошондой эле башаламан соодага жана өтмөктөр ортосундагы иретсиздикке жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүлөрү керек.

Пикир

Оставить комментарий