• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жооптук беттеште “МЮ” клубу 2:1 эсебинде “Ювентусту” жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 08.11.18./Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын тайпалык оюнунун 4-турунда “Ювентус” клубу менен “Манчестер Юнайтед” командалары оюн өткөздү. 2:1 эсебинде кызылдар биринчиликти илип кетти.

Оюндун 65-мүнөтүндө узактан узатылган топту Роналду жерге тийгизбестен тээп гол жаратты. 85-мүнөтүндө айып соккусу белгиленип, аны Мануэль Мата ишке ашырды. Дарбазанын оң капталынан кирген топ эсепти 1:1ге өзгөрттү. 90-мүнөтүндө көтөрүлгөн топ “Ювентустун” коргоочусу Алекс Сандрого тийип голго айланды.

Белгилей кетсек, Н тайпасында 9 упай менен “Ювентус” биринчи сапта орун алса, “Манчестер Юнайтед” 7 упайы менен экинчи орунда. Андан кийин “Валенсия” 5 упай, “Янг Бойз” 1 упай менен келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий