• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Жооптуу бол!». Кыргызстанда эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык жарыяланды

Ден соолук 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) коркунуч факторлорун аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку эркектер арасында бир айлык жарыялайт.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, акция 1-апрелде 30-апрелге чейин уланат. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат.

Бир айлык «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

«Жооптуу бол!» бир айлыгынын негизги максаты - жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында Кыргызстандын эркек калкын медициналык кызматтар менен камтууну жогорулатуу болуп саналат.

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда ЖЭОнун пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.

Бир айлыктын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулат, бул өз кезегинде медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Ошондой эле «Жооптуу бол!» бир айлыгына мектеп окуучуларын тартуу дагы негизги элемент болуп саналат, анткени бул ыкманын эффективдүүлүгүн буга чейинки тажрыйба көрсөткөн. Окуучулар эркек туугандарына акция тууралуу маалымат беришет жана аларды өз айылындагы саламаттыкты сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат.

Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. 2020-жылы Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны, калктын жалпы өлүмүнүн 52% түздү. Өлүмдүн экинчи негизги себеби рак (10,8%), андан кийин (6,9%) өпкө оорулары турат. Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү, туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү болуп саналат.

Park

Пикир

Оставить комментарий