• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жоробеков: Коменданттык сааттын эрежелерин сактоого чакырабыз

Аймак 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Жарандарды коменданттык сааттын эрежелерин сактоого чакырабыз. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.

"Биздин милдет – эл менен бирге алдыбызга коюлган тапшырмаларды аткарып, элдин саламаттыгын сактоо, учурдагы түйшүктү жеңип чыгуу. Биз бейпилдигибиз үчүн болуп жаткандыктан өзгөчө абалда киргизилген коменданттык сааттын эрежелерин бузбай, так аткарышыбыз керек", - дейт ал.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий