• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жоробеков: Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 5 киши кармалды

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 5 киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 29 кылмыш катталып, алардын ичинде өзгөчө оор жана оор кылмыштар жок.

"Бир күн ичинде Жалал-Абад шаардык жаа Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 78 жаран жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коменданттык сааттын эрежелерин бузган 5 киши кармалды: Жалал-Абадда – 4, Сузакта – 1 киши", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий