• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жоробеков: Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 6 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 23 кылмыш катталып, алардын арасында өзгөчө оор жана оор кылмыштар катталган эмес.

"Бир күн ичинде шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 81 киши жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 6 жаран кармалды", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Бүгүн президенттин жарлыгына ылайык аталган шаар жана райондордо өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле 30-апрелге чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий