• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жороев: Бишкек — чексиз Ош базары эмес

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Марат Жороев маалымат жыйындын жүрүшүндө Бишкек — чексиз Ош базары эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө борбор калаадагы тышкы жарнактардын көлөмү чектен ашып кетти.

“Имараттар жарнак баннерлери менен капталган. Ишкерлер бири-бири менен кимдики көрүнүктүү жана мыкты болот деп жарышууда. Мындан улам ушундай абалга туш болдук”, - дейт ал.

Жороев буга байланыштуу Бишкек мэриясынын тапшырмасы менен мыйзамсыз орнотулган жарнактарды алуу боюнча бир топ иштер башталганын белгиледи.

“Маселени чечүү үчүн техникалык регламент иштелип чыгып, анын алкагында борбор калаанын дизайн-кодун иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу пландаштырылууда. Анда шаардык кызматтардын ыйгарым укуктары такталып, анын алкагында алар демонтаждоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт”, - деп түшүндүрдү Жороев.

Пикир

Оставить комментарий