• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖОЖ жана колледждерде дистанттык окутууну уюштуруу жөнүндө буйрук чыкты – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, процессти так жана сапаттуу уюштуруу аталган окуу жайлардын жетекчилерине милдеттендирилди.

Ага ылайык, жогоруда аталган билим берүү уюмдарынын жетекчилери дистанттык билим берүү технологияларын жана онлайн курстарды колдонуу менен окуу процессинин уюштурулушуна күн сайын көзөмөл жүргүзүп, дистанттык технологияларды колдонуу боюнча окутуучуларга үзгүлтүксүз усулдук жардам жана кеӊеш (консультация) берүүнү уюштурууга милдеттендирилет.

Жетекчилер бардык курстардын студенттери үчүн аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарын 2020-жылдын 30-мартына чейин Билим берүү жана илим министрлигине берүүсү керек.

Пикир

Оставить комментарий