• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖОЖ жана колледждерге дистанттык окутуу боюнча вебинарлар өткөрүлүүдө

Билим 0

Бишкек, 21.08.20 /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2020-21-окуу жылына даярдык көрүү максатында жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына вебинарлардын сериясын уюштуруп жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, вебинарларды дистанттык форматтагы окутуу мезгилинде университет жана колледждердин профессор-окутуучулук курамына методикалык жардам берүү максатында түзүлгөн Консультитивдик кеңеш өткөрүп жатат. Окутуучулар дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу боюнча квалификацияларын жогорулатууда.

17-19-августта университет жана колледждердин профессор-окутуучулук курамына семинар уюштурулду. 20-августтан 28-августка чейин окутуучуларга электрондук платформалар (дисциплиналардын өзгөчөлүктөрүн, адистиктерди эске алуу менен оптималдуу платформаны тандоо, аралыктан окутууда интерактивдүү технологияларды колдонууну) менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган вебинарлар өткөрүлөт.

Ошондой эле Консультитивдик кеңеш тарабынан кыргыз жана орус тилинде 3 методикалык сунуштама иштелип чыкты:

  1. Окуу жайлардын администрациясы үчүн укуктук маселелерге, финансылык аспектилерге, санитардык-гигиеналык нормаларга, санариптик инфраструктуранын камсыз болушуна, ачык ресурстардын ачылышына, санариптик билим берүү технологияларын колдонуу боюнча окутуучулардын квалификацияларын жогорулатууга арналган методикалык сунуштама.
  2. Онлайн режиминде билим берүүнү уюштуруу боюнча окутуучулар үчүн усулдук колдонмолорду иштеп чыгууда. Ал окутуучуларга онлайн билим берүүнүн негизги билимдерин жана методологиясын бекемдөөгө, онлайн курстарды жана тапшырмаларды иштеп чыгууда көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, студенттер менен натыйжалуу ишти уюштурууга, санариптик технологияларды колдонууга жардам берет.
  3. Студенттерди онлайн режиминде билим берүү процессине даярдоо боюнча сунуштамалар. Студенттерге жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде дистанциялык билим берүү түшүнүгү берилет. Мындан сырткары окутуу аянтчаларын колдонуу боюнча, өз алдынча иштөөгө даярдык көрүү,

Бардык сунуштамалар ЖОЖ жана колледждерге жеткирилди.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин азайтуу максатында ЖОЖ жана колледждерде жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат.

Пикир

Оставить комментарий